Ссылки доступа

Ош шаарында Өзбекстандын эсебинен "достук мектеби" курулууда


Ош шаарында Өзбекстандын эсебинен Алишер Навои атындагы 630 орундук мектептин курулушу башталды. Курулуш иштерин өзбекстандык «Трест12» жана «БунёдГрандСервис» компаниялары жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы аянты 3 851 чарчы метрди түзөт.

Үч кабаттуу жаңы мектеп окууга тиешелүү бардык шарттар менен камсыздалат, анын ичинде спорт жана салтанат залы, эмгек бөлмөсү, медициналык пункту, ашкана менен жайкы спорт комплекси болот. Учурда мектептин пайдубалы түптөлүп бүттү.

Мындан тышкары өзбекстандык жумушчулар 1936-жылы курулган жана учурда авариялык абалдагы №18 мектеп-гимнизиянын бир бөлүгүн ремонттошту.

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов менен Кыргызстандын билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 28-июнда Ош шаарында жаңы мектеп куруу боюнча келишимге кол коюшкан. Окуу жай Өзбекстан бюджетинин эсебинен салынып, Кыргызстандын менчигине өткөрүлүп берилет.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 5-сентябрда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда президент Алмазбек Атамбаевди мектептин долбоору менен тааныштырган. Эки өлкө бийлиги Оштогу билим очогунун курулушу эки элдин достугун бекемдөөгө түрткү болот деп үмүттөнүшүүдө.

XS
SM
MD
LG