Петицияда соттор БУУнун комитеттеринин чечимдерин Казакстандагы мыйзам менен бекитилген процедуралардын жоктугуна байланыштуу аткара албай жатышканы айтылат.
Казакстан БУУга 1992-жылдын 2-мартынан бери мүчө. Бирок 2011-жылдан бери уюмдун комитеттери кабыл алган 25 чечимдин бири дагы аткарылган эмес. Бул жылы Казакстан боюнча беш чечим чыккан.
Буга чейин Астана шаарынын жашоочусу Жаслан Сулейменов Казакстанга каршы БУУга даттанып жеңип алган. Уюмдун комитети ал камакта жатканда кыйноого кабылганын, укуктук колдоо көрсөтүлбөгөнүн тааныган. Бирок Казакстандын ТИМи бул чечимдин расмий котормосу жоктугуна байланыштуу аны тиешелүү органдардын кароосуна жөнөтө албай жатканын билдирген.