Ссылки доступа

HRW Өзбекстан бийлигин диссидент жазуучуну бошотууга чакырды


Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму диссидент өзбек жазуучусу Нурилло Отахановдун (Нурулло Мухаммад Рауфхон) камалышына карата тынчсыздануусун билдирди.

«Бийлик тарабынан жазуучу Нурулло Мухаммад Рауфхондун кармалышы, өзгөчө анын акталгандыгы тууралуу акыркы маалыматтарды жана президент Шавкат Мирзиёевдин өлкөдөгү адам укуктары жаатындагы абалды жакшыртуу боюнча кадамдарын эске алганда тынчсызданууну жаратууда», – деп билдирди уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Стив Свердлов.

Human Rights Watch Өзбекстан бийлигин Отахановдун күнөөсү далилденбегендиктен жазуучуну эркиндикке чыгарууга жана адам укуктары тармагындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга үндөдү.

Жазуучу Нурилло Отаханов эки жыл Стамбулда жашагандан кийин 26-сентябрда Ташкентке кайтып келген. Ал аэропорттон кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда жазуучу Ташкенттин Яшнабад райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда.

Тергөөчүлөрдүн айтымдарында, Отахановдун кармалышына анын «Бу кунлар» («Бул күндөр») деп аталган китебиндеги идеялар себеп болгон. Аталган китепти өзбек өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча комитет «экстремисттик» деп тапкан.

XS
SM
MD
LG