Ссылки доступа

АКШ Сенаты Жон Хантсманды Орусия элчилигине бекитти


Юта штатынын мурдагы губернатору, республикачыл Жон Хантсман АКШнын Орусиядагы элчиси болуп мартта эле дайындалган. Акүй Москванын алдын ала макулдугун алуу үчүн анын талапкерлигин расмий бекитүүгө Сенатка жөнөткөн эмес.

Июлда Гамбургда өткөн “Чоң жыйырмалык” саммитинде президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусу учурунда Кремль Хантсмандын, Акүй Анатолий Антоновдун элчи болушуна макулдук берген.

Кийинчерээк Хантсман Сенаттагы жыйын учурунда Москванын саясатын АКШ үчүн негизги чакырыктардын бири деп атаган. Анын айтымында, Орусия башка өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн бузуу менен Европадагы коопсуздук жана туруктуулукка коркунуч жаратууда. Хантсман Москва АКШдагы президенттик шайлоолорго катышканын шексиз деп, бул маселени орус бийлигинин алдында көтөрүүгө даяр экенин айткан. Кремль бул айыптоолорду четке кагып келет.

56 жаштагы Хантсман 1992-1993-жылдары Сингапурдагы, 2009-2011-жылдары Кытайдагы Кошмо Штаттардын элчиси болгон. 2012-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.

XS
SM
MD
LG