Ссылки доступа

Тажикстанда аскерге «жараксыз» деп табылган өспүрүмдөр кайрадан текшерилет


Тажикстанда кезектеги аскерге чакыруу өнөктүгү башталды. Анткен менен акыркы жылдары өлкөдө армияга баруудан качкан өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө. Жыл сайын аскер курагындагы ондогон жаран кызмат өтөөгө «жараксыз» деп табылууда.

Согди облусунун аскер комиссариатынын маалыматына караганда, өткөн жылы аймакта 400гө жакын өспүрүм ден соолугуна байланыштуу аскерде кызмат өтөөгө жараксыз деп табылган.

Мекеме башчысынын орун басары Рустам Рахматзоданын айтымында, көбүнчө мындай чечимдерди дарыгерлер менен жергиликтүү аскер комиссариаттары чыгарышат. Ал Хожентте эле ден соолугуна байланыштуу жараксыз деп табылган өспүрүмдөрдүн саны аскерге чакырылгандардан 5 эсеге көп экенин белгиледи. Мындан улам ал дарыгерлерди аскер курагындагы балдарды кайрадан текшерип чыгууну тапшырды.

Рахматзоданын белгилешинче, баарынан да аскерге барууга жараксыз деп катталган өспүрүмдөрдүн саны Хожентте көп. Бирок кайталап текшерүү маалында алардын көбүнүн саламаттыгы жакшы экени аныкталууда.

Ошол эле маалда кызмат өтөөгө чынында эле ден соолугу начар балдар барып калган учурлар бийликтин тынчын алууда. Алсак, быйылкы аскерге чакыруу өнөктүгүндө чакырылган 50 бала кайрадан текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин ден соолугу начар экени аныкталып, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG