Ссылки доступа

Карлес Пучдемон: «Каталония көз карандысыз өлкө болуу укугуна жетти»


Каталониянын президенти жана Каталониянын европалык-демократиялык партиясынын мүчөсү Карлес Пучдемон жекшемби кечинде «аймак көз карандысыз өлкө болуу укугуна ээ болгонун» билдирди. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жакынкы күндөрү жарыяланат деп күтүлүүдө.

Каталония бийлиги полиция менен шайлоочулардын кагылыштарында жаракат алгандардын саны 760 кишиге жеткенин билдирди. Башка булактардын маалыматы боюнча жабыркагандар төрт жүздөн ашат. Испан полициясы кечээ Каталониянын көз карандысыздыгы тууралуу референдумду болтурбоо үчүн күч колдонгон. Алар айрым добуш берүү тилкелериндеги бюллетендерди, документтерди жана үкөктөрдү алып кетишкен.

Мурдараак Испания өкмөтү референдумга жол бербестигин билдирген. Өлкөнүн Конституциялык сотунун чечими менен аймактагы добуш берүү мыйзамсыз деп табылган.

Испания ИИМ башчысынын маалыматына караганда, каталондуктар менен болгон кагылышууларда 12 полиция кызматкери жаракат алып, үч киши кармалды. Министр добуш берүү күнү алар 92 шайлоо тилкесин жабууга жетишкендигин айтты. Кечээ полиция аймактагы эки миңден ашык тилкенин үч жүзүн жапканы кабарланган. Референдумдун алдында жарандардын добуш берүүсүнө жол бербөө үчүн Каталонияга «жарандык гвардия» деп аталган жарым-жартылай аскердик түзүмдөр жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG