Ссылки доступа

Трамп: "кичинекей ракетачы" менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү – убакытты текке коротуу


АКШ президенти Дональд Трамп өлкөнүн мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонго кайрылып, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен убакытты текке кетирип жатканын айтты.

“Мен биздин ажайып мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонго кичинекей ракетачы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен убактысын текке кетирип жатканын айттым”,– деп жазды Трамп Твиттерде. Ал “Рекс, энергияңды сакта, эмнени кылыш керек болсок, ошол ишти жасайбыз” деп кошумчалады.

Трамптын кийинки твити төрт сааттан кийин чыкты. “Кичинекей ракетачы менен жакшы мамиледе болуу 25 жылдан бери натыйжа берген эмес, эми эмне өзгөрмөк эле? Клинтондун аракетинен майнап чыккан жок, Буштукунан чыккан жок жана Обаманыкынан дагы чыккан жок. Меники орундалат”, - деди Трамп.

АКШ лидери Түндүк Корея лидерин алгач ирет БУУнун Башкы Ассамлеясындагы жыйынында “ракетачы” деп атаган. Ал бул өлкөнү “жер менен жексен кылам” деп опузалаган.

Буга жооп иретинде Ким Чен Ын Трамп “сөздү иргебей, буга чейин АКШнын бир дагы президентинин оозунан чыкпаган“ кептерди” айтканын эске салып, мунун “куну кымбатка турат” деп эскерткен. “Акылдан айныган америкалык абышканы сөзсүз от менен жоошутам”,- деген ал.

“Ракетачы” оригиналында Rocket Man –Элтон Жондун белгилүү ыры.

XS
SM
MD
LG