Ссылки доступа

Тажикстан өкмөтү Википедиянын тажик тилиндеги бөлүмүнө эскертүү берди


Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Тил жана терминологиялар боюнча комитет Википедиянын тажик тилиндеги бөлүмүнө эскертүү берди. Маалыматка караганда, анда жарыяланган макалаларда грамматикалык каталар бар. Комитеттин адистери универсалдуу интернет-экциклопедия тажик тилинин нормаларын бузгандыгы үчүн жооп берип калышы мүмкүндүгүн айтышууда.

Комитеттен билдиришкендей, мекеменин адистери эки жума бою Википедиянын тажик тилиндеги бөлүмүнө жарыяланган макалаларды текшерип чыгып, көптөгөн орфографиялык каталарды аныкташкан.

Адистер Википедиянын тажик тилиндеги бөлүмүндө «Тажикстандын Мамлекеттик тили тууралуу» мыйзам жана тажик орфографиясынын эрежелери бекитилген өкмөттүн №458 токтому бузулган деген жыйынтыкка келишкен.

Тажик өкмөтүнүн алдындагы Тил жана терминологиялар боюнча комитет тажик тилинде жарыяланган макалалардагы бардык грамматикалык каталарды тез аранын ичинде оңдоону талап кылды. Мекеме кызматкерлери андай болбосо Википедия мыйзам алдында жооп бериши керек болорун эскертишти.

«Википедия» — жалпыга эркин жеткиликтүү болгон көп тилдеги универсалдуу интернет-энциклопедия. Сайтка америкалык «Викимедиа фонду» деп аталган бейөкмөт уюм ээлик кылат. Анын 39 аймактык өкүлчүлүгү бар. Учурда Википедиянын тажик тилиндеги бөлүмүнөн 60 миң макала жана публикацияларды табууга болот.

XS
SM
MD
LG