Ссылки доступа

Өзбекстанда чет өлкөлүк валюталар дале көмүскө базарда сатылууда


2-октябрда Ташкенттеги банктардын акча алмаштыруу жайлары чет өлкөлүк валюталарды жеке тараптарга саткан жок. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматынын өз булактары кабарлашты. 24-сентябрда өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов 1-октябрдан тарта калкка чет өлкөлүк валюталарды сатууга уруксат бериле турганын билдирген.

Маалыматка караганда, 2-октябрда Ташкенттеги «Халк банк» (Калк банкы), «Миллий банк» (Улуттук банк), «Ипотека банк» жана башка банктардын акча алмаштыруу жайларында адамдарга чет өлкөлүк валюталар накталай сатылган жок.

Өзбекстанда 5-сентябрдан тарта физикалык жактар чет өлкөлүк валюталарды акча алмаштыруу жайларынан сатып алуу укугуна ээ болушкан. Бул операцияларды алар коммерциялык банктардын конверсиялык бөлүмдөрүндө жана эл аралык төлөм карталары аркылуу ишке ашыра алышат.

Ташкенттиктердин бири билдиргендей, шаар тургундары дагы деле чет өлкөлүк валюталарды «көмүскө базарларда» сатып алууда. «Көмүскө базар мурдагыдай эркин иштебей калган. Анда долларлар жашыруун түрдө сатылууда. Азырынча бийлик чет өлкө валюталарын сатуу менен көмүскө алектенген адамдарды толук жогото элек. Ал үчүн бир топ убакыт талап кылынат, – деди ал.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Өзбекстан өкмөтү валюта базарынын либералдашуусунун ишканаларга жана социалдык тармактарга болгон таасирин азайтуу үчүн Дүйнөлүк банктан карызга $1 млрд. сураган.

XS
SM
MD
LG