Ссылки доступа

Фейсбукта Орусия каржылаган жарнамаларды АКШнын 10 миллион жашоочусу көргөн


АКШда Орусия каржылаган саясий жарыяларды Фейсбуктун он миллион колдонуучусу көргөн. Компаниянын сайтындагы билдирүүгө караганда, алардын 44 пайызы 2016-жылы ноябрда өткөн АКШдагы шайлоого чейин көрүлсө, 56 пайызы андан кийин көрүлгөн.

Жарыялардын көбү олуттуу социалдык жана саясий темаларга, анын ичинде ЛГБТ укуктары, расалык, иммиграциялык жана куралга ээлик кылуу укуктарына байланыштуу болгон. Алардын айрымдары үчүн орусиялык валюта менен акча төлөшкөн.

Кечээ Facebook компаниясы АКШ Конгрессине 2016-жылдагы президенттик жарыш маалында көрсөтүлгөн 3000ден ашык жарнамалык билдирүү тууралуу маалыматты бериши керек болчу. Социалдык түйүндүн жетекчилиги ал жарнамаларды Орусияга байланыштырууда.

Facebook жалпы 100 миң долларга жарнама сатып алууларды байкаганын билдирди. Компания өкүлдөрү бул иш менен кремлдик пропаганданы алдыга сүрөгөн «троллдор фермасы» алектенген деп эсептешүүдө.

Бул жагдайдан кийин Фейсбуктун башчысы Марк Цукерберг социалдык түйүн саясий жарнамаларга карата саясатын өзгөртө турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG