Самарканд облустук прокуратурасынан билдиришкендей, Өзбекстанда мамлекеттик медициналык жайларда гана аборт жасоого уруксат берилген. Бирок жеке клиникалардын биринин дарыгери өз агасынан боюна бүтүп калган 17 жаштагы кызга аборт жасаган. Андан соң бойдон алдырылган түйүлдүктү меште өрттөөгө аракет кылган.
Маалыматка караганда, 16-мартта дарыгерлер төрөт үйүнүн мешинде төрт түйүлдүктү өрттөөгө аракет кылышкан. Бирок газдын басымы төмөн болгондуктан алардын баарын тең толугу менен өрттөй алышкан эмес. Күбөлөрдүн айтымында, түйүлдүктөрдүн бири 17 жаштагы кызды 24 жаштагы бир тууганы эки жолу зордуктагандан кийин пайда болгон. Кыз аборт кылууну чечип, жеке клиникалардын бирине кайрылган. Экинчи аялды байкеси зордуктаган. Ал дагы уят болуудан коркуп, аборт кылдырууга барган.