Былтыр Берлинде жайгашкан укук коргоо багытындагы «Өзбек-Герман Форуму» уюму Фармонов тууралуу тасма тарткан. Фильмде анын аялы Озода Якубова күйөөсүн көрүү үчүн туш болгон кыйынчылыктары, абактагы кыйноолор тууралуу айтып берген.
39 жаштагы Фармонов алгач 2006-жылы тогуз жарым жылга кесилген болчу. Өзбекстандын Адам укуктары боюнча коомунун Сырдарыя облусундагы бөлүмүн жетектеген Фармоновдун анда абакка салынышы жактоочулары тарабынан укук коргоочуну ишмердиги үчүн жазалоо, саясий куугунтук катары бааланган.
2016-жылы укук коргоочу абактан чыгарына саналуу апта калганда анын жаза мөөнөтү дагы беш жылга узартылган. Бийликтер мунун Фармоновдун абактагы “жаман жүрүм-туруму үчүн” деп негиздешкен.