Путин 2016-жылы эки өлкө ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн азайганына өкүнгөнүн билдирип, жакын арада кырдаал өзгөрөрүнөн үмүт артты. Бердымухамедов Түркмөнстан аймакта Орусия менен тыгыз кызматташууга даяр экенин ырастады. Сапар учурунда эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду, анын ичинде миграция боюнча өкүлчүлүк түзүүгө макулдашты.
Орусия менен Түркмөнстандын ортосундагы мамиле газ жеткирүү маселесиндеги талаштан кийин начарлаган. Түркмөнстан өзүн нейтралдуу өлкө катары сыпаттап келет. Ал Орусия жетектеген Евразиялык экономикалык биримдикке жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө катары кирген эмес.