Ссылки доступа

9 жыл абакта жаткан өзбек журналисти эркиндикке чыкты


4-октябрда Өзбекстанда тогуз жылдан ашык убакыт абакта жаткан көз карандысыз журналист Солижон Абдурахманов эркиндикке чыкты.

67 жаштагы Абдурахманов 2008-жылы маңзат сатуу айыбы менен он жылга эркинен ажыратылган. Ал Каракалпакстанда иштеген саналуу көз карандысыз журналисттердин бири болгон.

Кезинде Uznews.net интернет басылмасынын башкы редактору болуп иштеп, Солижон Абдурахманов менен кызматташкан Галима Бухарбаева журналисттин эркиндикке чыгарылганын кубаттады. Ал муну өлкөдө бийлик алмашкандыгына байланыштуу деп эсептейт.

2008-жылы жайында Абдурахмановдун унаасынан маңзат табылып, баңгизат колдонууга айыпталган. Экспертиза журналисттин маңзатын колдонбостугун көрсөткөндөн кийин ага баңгизат сатуу айыбы тагылган.

Солижон Абдурахманов бардык айыптарды четке кагып, ага каршы кылмыш ишин козгоо максатында маңзатын унаасына милиция кызматкерлери салып койгон деп эсептеп келет.

XS
SM
MD
LG