Ссылки доступа

Ашхабадда пластик карталар менен жол кире төлөөдө кыйынчылыктар жаралууда


Ашхабадда айрым автобустарда пластикалык карталар менен жол кире төлөө жабдуулары иштебей, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыктар жаралууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Борбордогу автобустарда жол кире төлөөнүн жаңы эрежелери тууралуу чечим ушул жылы сентябрда кабыл алынып, 1-октябрдан тарта жол акыны пластик карталар менен төлөө системасы киргизилген.

Шаар тургундарынын айтымдарында, автобустарга жаңы жабдуулар орнотулган күндөн тарта жүргүнчүлөр түрдүү көйгөйлөргө дуушар болуп жатышат.

"Жабдуулардын эмне себептен иштебей жатканын айдоочулар дагы билишпейт. Бир иштеп, бир иштебей калып жатат. Алар эми жаңы эле орнотулду да, балким жакында себеби аныкталар”, - деди алардын бири.

Ашхабаддын коомдук транспортторунда жүрүү үчүн 5 манаттык төлөм карталары банктарда, айрым почта бөлүмдөрүндө жана дүкөндөрдө сатылат. Алардын стандартуу, пенсионерлер жана студенттер үчүн деген үч түрү бар.

XS
SM
MD
LG