Ссылки доступа

Тажикстанда соттолгон адвокат Ёров карцерге которулду


Соттолгон тажик адвокаты Бузургмехр Ёров «режимди бузгандыгы» үчүн Душанбедеги №1 тергөө абактын карцерине которулду. Бул тууралуу 4-октябрда мекеме башчысы Садриддин Шарифзода билдирди.

«Тергөө абагында ал бир канча жолу мекеменин режимин бузду. Акыркы эреже бузуудан кийин карцерге которулду. Анда 15 сутка кармалат», — деди ал. Бирок мекемеден адвокат тарабынан кандай эрежелер бузулганын билдиришкен жок.

Бузургмехр Ёровдун жакындары адвокат тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан сабалгандыгы тууралуу маалыматтар ММКларга чыккандыгы үчүн жазаланууда деп эсептеп жатышат. Мурдараак анын апасы уулу дайыма ур-токмокко алынып жатканын айтып чыккан.

Бир нече күн мурда Human Rights Vision Foundation эл аралык уюму Бузургмехр Ёровдун ден соолугунун абалына тынчсыздануусун билдирип, бийликти анын эркиндикке чыгышына көмөктөшүүгө үндөгөн.

Адвокат Бузургмехр Ёров 2015-жылы күздө “алдамчылык” жана “документ жасалмалоо” боюнча айыпталып камалган. Былтыр декабрда тергөө аны Кылмыш кодексинин дагы үч беренеси боюнча, анын ичинде “экстремисттик ишмердүүлүккө үгүттөөгө” күнөөлөгөн. Бузургмехр Ёров былтыр октябрда алдамчылык жана документ жасалмалоо боюнча айыптуу деп табылып 23 жылга түрмөгө кесилген. Быйыл мартта адвокат ушул кылмыш иши боюнча кошумча дагы 2 жылга соттолгон. Андан көп өтпөй өлкө президентине акарат кылуу айыбы менен дагы үч жылга соттолуп, абактагы жалпы мөөнөтү 28 жылды түзүп калган.

XS
SM
MD
LG