Ссылки доступа

Жогорку Радада Донбасс боюнча мыйзам долбоорлорун кароо үзгүлтүккө учурады


Украинанын Жогорку Радасынын депутаттары каршылыктарга байланыштуу Донбасстагы реинтеграция жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл ала алышкан жок. Өлкө президенти Пётр Порошенко 4-октябрда парламенттин кароосуна эки документ жөнөткөн.

Биринчисинде Орусияны «баскынчы өлкө», жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донецк жана Луганск облустарынын айрым райондорун «оккупацияланган аймактар» деп таануу камтылган. Экинчисинде жикчилдер көзөмөлдөгөн Донбасс аймагындагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун өзгөчө макамы жөнүндөгү эски мыйзамды дагы бир жылга узартуу каралган.

Жогорку Радада сөз сүйлөгөн Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов документте Луганск жана Донецк облустары расмий түрдө “Орусия тарабынан оккупацияланган аймактар” катары таанылганын билдирди. Бул мыйзам долбооруна каршы чыккан парламенттин вице-спикери Оксана Сыроид мыйзам долбоорунда оккупациянын так датасы аныкталбаганын белгиледи. Анын айтымында, Украина эл аралык сотто Орусияга каржылык доо кое албайт.

Донбасс боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда "Самопомощь" фракциясынын өкүлдөрү президиум менен парламенттик трибунага бөгөт коюшту. Алар мамлекет башчынын демилгесин “Украинаны капитуляциялоо” деп аташты. Документке каршы чыккандар ал Украинанын улутук кызыкчылыктарына туура келбейт деп эсептешет.

Бүгүн, 6-октябрда парламент мыйзам долбоорун кароону уланатат.

Бейшембиде "Свобода" жана "Улуттук корпус" партияларынын жүздөгөн өкүлдөрү Жогорку Радада пикет өткөрүшкөн.

Украин бийлиги бул документтин кабыл алынышы Киевдин БУУдагы, эл аралык соттордогу позицияларын бекемдейт деп ишенип жатат. Донбасстын реинтеграциясы тууралуу мыйзам долбоору 18-октябрга чейин кабыл алынышы керек. Бул күнү «Донецк жана Луганск облустарынын айрым райондорундагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өзгөчө тартиби тууралуу» үч жылдык мыйзамдын мөөнөтү аяктайт.

XS
SM
MD
LG