Ссылки доступа

Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багыты боюнча жүк ташуу макулдашылды


Бул тууралуу макулдашууга Кыргызстандын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов менен Өзбекстандын тышкы соода министри Эльер Ганиев 5-октябрда Ташкентте эки тараптуу делегациянын кеңейтилген жолугушуусунда кол коюшту.

Макулдашууга ылайык, Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багытында жүк ташуу Өзбекстан-Кыргызстан-Кытайдын соода алмашуусуна жакшы шарт түзүп берет.

Кеңейтилген отурумда белгилүү болгондой, Орто-Токой суу сактагычын ижара төлөө системасы менен пайдалануу боюнча макулдашууну кароо кийинкиге калтырылды.

Кеңейтилген отурумда тараптар коопсуздук, коргоо, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү тармагында өз ара аракеттенүүгө, товарларды жана жүктөрдү ташууда бажы операцияларын ишке ашыруу, статмаалыматтар менен алмашуу тартибине тиешелүү эки тараптуу документтер пакетине, чек аралары чектеш райондор жана маалыматтык агенттиктер ортосундагы макулдашууларга, жалпысы болуп 15 документке кол коюшат.

Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу боюнча протоколго кол коюлары күтүлүүдө. Мамлекет башчылар эки өлкө ортосундагы достукту, жакшы коңшулукту жана ишенимди чыңдоо жөнүндө Декларацияга кол коюшары кабарланган.

Президент Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары 5-октябрда башталды, 6-октябрда аягына чыгат.

Өткөн айдын ушул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Мындан кийин кыргыз-өзбек мамилеси жакшырып, бир катар чек ара бекеттери ачылган.

XS
SM
MD
LG