Ссылки доступа

Өзбек журналисти мамлекеттик төңкөрүш аракетине айыпталууда


Өзбекстанда тергөө журналист Бобомурод Абдуллаев жашыруун ат менен интернетте макалаларды жарыялоо аркылуу бийликти тартып алууну пландаганын жарыялады.

1-октябрда сот журналистти он күнгө камоо чечимин чыгарган. Бул убакыт аралыгында ага кылмыш иши козголуп, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылоо камоо жайында болот.

Соттун чечиминде Абдуллаев “Өзбекстан улуттук кыймылынын” жетекчиси Мухаммад Салихтин көрсөтмөсү менен 2011-жылдан бери өлкөдөгү конституциялык түзүмдү кулатууга багытталган макалаларды жайылтып турганы айтылат.

Тергөөнүн маалыматтары боюнча мамлекеттик жетекчилердин коопсуздугуна жоопкер Равшанбек Салаев менен Шавкатжон Оллоёров Абдуллаевге негизги маалыматтарды берип турушкан. Алардын жардамы менен журналист конституциялык түзүмдү кулата турган “Жатва” программасын иштеп чыккан.

“Жатва” программасынын катышуучулары Өзбекстандын төрт ири шаарында – Ташкент, Фергана, Навои жана Ургенчте мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярдык көрүшкөн делинүүдө.

44 жаштагы көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев 27-сентябрда кармалган.

XS
SM
MD
LG