“Орусия менен макулдашуулардын алкагында комплексти өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары аныкталган. Бул иш атайын түзүлгөн өкмөттөр аралык комиссия тарабынан координацияланууда. Конкреттүү чаралар көрүлүп жатат”, - деген Назарбаев.
Байконур космодромунда “Байтерек” ракеталык комплексин түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге 2004-жылы кол коюлган.