Ссылки доступа

Түркияда кыргыз аял полициядан токмок жеди


Сабалган аял учурда ооруканада жана ага психологиялык колдоо көрсөтүлүп жатат. ТИМ бул окуя боюнча тергөө аяктагандан кийин аны Кыргызстанга алып келүү маселеси караларын билдирди.

Түркиянын массалык маалымат каражаттары 4-октябрда Анталиянын Алания аймагында жалгыз аялды эки полиция кызматкери сабап жатканын көрсөттү. Анда полиция аялды чачынан сүйрөп, союл менен ур-токмокко алып жатканын көрүүгө болот.

Муну ошол аймакта жашагандар телефонго тартып алып, видеону телеканалдарга жиберишкен. Бул окуя жаңылыктарга чыккандан кийин шектүү полиция кызматкерлери жумуштан бошотулуп, прокуратура тергөө ишин баштады. Сабалган аял кыргызстандык мигрант экени белгилүү болду.

Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов учурда изилдөө иштери жүрүп жатканын айтты.

- Азыр полиция таяк жеген кызды күнөөлөп жатат, бирок муну сот чечет. Биз бул ишти өз көзөмөлүбүзгө алдык. Мен Түркиянын Тышкы иштер министрлигине бүгүн нота жибердим.

"Азаттык" Алания ички иштер бөлүмүнө байланышканда, кызматкерлердин иштен бошотулганын ырасташты.

Алания ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Сулейман Дөнмез буларды айтты:

- Кечээги окуя боюнча эки кызматкерибиз иштен бошотулду. Ал эми сабалган аял тууралуу эч кандай маалымат бере албайбыз.

Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 14 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт. Анталия аймагында бейрасмий 6000ден ашык кыргызстандык жашап, эмгектенет.

XS
SM
MD
LG