Ссылки доступа

Кыргызстан менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү 10 эсеге өстү


Соңку жарым жыл ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 10 эсеге өстү. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-октябрда Ташкентте Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда билдирди.

Өзбек президенти кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында 200 миллион долларлык келишимге кол коюлгандыгын маалымдады.

Эки өлкө ортосунда кол коюлган 12 макулдашуудан тышкары, бардык маселелерди толугу менен чечүү үчүн дагы алты документти даярдоого тапшырма бергенин айтты.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев бийликтеги мөөнөтү аяктаганча тараптар ортосунда бардык маселелер чечилип, тиешелүү келишимдерге кол коюларына ишенимин билдирди. Бир айдан кийин Чолпон-Атада жолугушуп, бардык маселелерди чечүүнү сунуштады.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке болгон сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ар кайсы тармакта кызматташтык боюнча он эки келишимге кол коюлду. Мындан тышкары өз ара ишенимди бекемдөө, коңшулук мамилени, эл достугун чыңдоо багытындагы декларацияга кол коюшту. Мамлекет башчылар чек араларды тактоо келишими боюнча грамоталарды алмашты.

Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен 5-октябрда барган, Бишкекке бүгүн түштөн кийин кайтып келет.

XS
SM
MD
LG