Ссылки доступа

Лавров Астанага расмий сапар менен келди


Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавровдун сапары орус-казак дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган.

Астанадагы сапардын алкагында Лавров казакстандык кесиптеши Кайрат Абдрахманов менен жолугушат. Жолугушуунун күн тартибинде жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын аткарылышы, эл аралык жана аймактагы маселелер, анын ичинде Сирия менен Ирактагы жагдайды талкуулоо каралган.

Бул арада Астанада Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн IV эл аралык форуму башталды. Анын ачылышында бул окуу жайдын бүтүрүүчүсү, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сөз сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG