Ссылки доступа

НАТОнун баш катчысы: Биз Орусия менен кансыз согушту каалабайбыз


НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Орусия тараптан түздөн-түз коркунучту көрбөгөнүн, бирок Крым аннексияланып, Украина чыгышындагы абал туруксуздашкандан кийин мамилелер кыйла начарлап кеткенин белгиледи. Бул тууралуу ал Брюсселде «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна берген маегинде билдирди.

Столтенбергдин айтымында, НАТОнун Орусияга карата коргонууга жана сүйлөшүүгө негизделген кош мамилеси бар. «Биз күчтүү болуп, ишенимдүү токтотуучу жана коргонуу каражаттарына ээ экенибизге ишенишибиз керек. НАТО кансыз согушту каалабайт, бизге курал-жарак жагынан жарышуу керек эмес, ошондуктан Орусияга дагы саясий сүйлөшүүлөр менен кайрылабыз. Биз сүйлөшүү каналдарын ачык сактап калдык. Андан тышкары бизде аскердик байланыш линиялары бар, ошондуктан чыңалган абалды жоюп, Орусия менен мамилени жакшыртууга бардык аракеттерди көрүүнү каалайбыз», – деди ал.

Донбасска БУУнун тынчтык орнотуу күчтөрүн жайгаштыруу сунушу боюнча пикирин билдирген Столтенберг Минск келишимдерин аткарууга жардам боло турган бардык идеялар менен сунуштарды колдой турганын белгиледи.

Анын айтымында, Украина чыгышындагы байкоочулар өлкөнүн бардык аймагына, анын ичинде Орусия менен Украинанын чек арасына дагы баруу мүмкүндүгүнө ээ болушу керек.

НАТОнун баш катчысы акыркы жылдары Орусия коргонууга кеткен чыгымдарын кыйла көбөйтүп, күчтөрүн сынап, аскердик кубатын күчтөгөнүн эске салды. Анын айтымында, Орусия өз коңшуларына, анын ичинде Украинага каршы аскер күчүн колдонууга бара аларын көрсөттү.

XS
SM
MD
LG