Ссылки доступа

Тажикстанда аялы менен кызын жарадар кылган адам асынып өлдү


Тажикстандын Бохтар районунун 71 жаштагы тургуну жубайын жана кызын бычак менен жарадар кылып, андан соң өз жанын кыйган окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

ИИМдин маалыматына караганда, окуя 5-октябрга караган түнү Гүлзор айылында болгон. 71 жаштагы жергиликтүү тургун Абдурахмон Бадиев 45 жаштагы жубайын бычак менен беш жолу, 16 жаштагы кызын төрт жолу сайып жарадар кылган. Алар оор абалда ооруканага жеткирилген. Андан соң үй ээси бакка асынып өлгөн.

Бадиевдин жубайы билдиргендей, алардын ортосундагы уруш үйдүн жанындагы жер тилкесинен улам келип чыккан. Ал жерди кызына бөлүп берүү ниетин билдирип, күйөөсү ага каршы болгон.

Абдурахмон Бадиевдин биринчи никесинен эки уулу жана үч кызы бар. Учурда Орусияда иштеп жүргөн балдары жер тилкесинин карындаштарына берилишине каршылыгын билдирип келишкен.

XS
SM
MD
LG