Ссылки доступа

Орусия Кыргызстандын бардык карызын кечүүгө даяр


Президент Алмазбек Атамбаевдин июнда Орусияга болгон мамлекеттик сапары маалында Кыргызстандын Орусиянын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда кечүү тууралуу протоколго кол коюлган. Бул тууралуу парламенттин кароосуна түшкөн протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунда жазылган.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси болгон Каржы министрлигинен билдиришкендей, 2012-жылы Орусия Кыргызстандын 488,9 миллион долларлык карызын кечүүгө макул болуп, 2013-жылы 188,9 миллион долларды кечкен. Макулдашууга ылайык, калган 300 миллион доллар 10 жылдын ичинде — 2016-жылдан 2025-жылга чейин — жыл сайын 30 миллион доллардан кечилиши керек болгон.

20-июнда президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга болгон сапары маалында Кыргызстандын Орусия алдындагы 2012-жылкы карызын жөнгө салуу тууралуу макулдашуунун протоколуна кол коюлган. Протоколдун жактырылышы менен өлкөнүн Орусияга болгон карызы толук жоюлат.

Каржы министрлигинен кабарлашкандай, 240 миллион доллар өлчөмүндөгү карыздын кечилиши мамлекеттин сырткы карызын ички дүң өнүмгө карата 3,8 пайызга кыскартат. Макулдашуу күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги жол-жоболор ишке ашырылышы зарыл.

XS
SM
MD
LG