Ссылки доступа

Ашхабадда унаа салондоруна тумар тагып, оюнчук алып жүрүүгө тыюу салынды


Ашхабаддын жол полициясы унаа салонуна салттуу амулет жана тумарларды, оюнчуктарды тагууга тыюу салды. Тартипке баш ийбегендерге 50 манат өлчөмүндө айып пул салынууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, полиция 29-октябрдан тарта унааларды токтотуп, унаасына тумар тагып алган айдоочуларга чара колдоно баштады.

"Жекшембиде жол полиция кызматкери токтотуп, автомобилдин салонундагы көз тийүүдөн сактаган үч сантиметрлик турмарды жана автомобилдин арткы бөлүгүндөгү 15 сантиметрлик жумшак оюнчуку алып салууну талап кылды. Полиция кызматкери мындан тышкары “Аллах колдосун” деген жазууларга дагы тыюу салынарын айтып, 50 манат айып пул салды”, - деди ашхабаддык айдоочулардын бири.

Жол полициясы бул аракетин аталган буюмдар заводдо автомобиль менен кошо чыгарылбаганын, айдоочуну алагды кыларын жана аварияларга себеп болуп жатканы менен түшүндүрүүдө.

XS
SM
MD
LG