Ссылки доступа

Түрк компаниясы Өзбекстанда логистикалык комплекс курат


Түркиялык Gentes Yapi ve Endustry Tesisleri Ltd Sti компаниясы Өзбекстанда логистикалык комплекс курууну пландоодо. Бул тууралуу «Өзбекозиковкатхолдинг» ишканасы билдирүүдө.

Эки өлкө мөмө-жемиш продукциялары үчүн ири терминал курууга макулдашышты. Бул комплексте жаңы жана кайра иштетилген айыл чарба продукциялары Өзбекстан аркылуу КМШ өлкөлөрүнө таратылат.

Долбоордун алкагында, 200 кампа менен жүк жүктөө жана түшүрүү зоналары курулат.

Түрк компаниясы заманбап таңгактоочу жабдуу алып келип орнотот. Делегациясы бул долбоорду толук иштеп чыгуу үчүн Өзбекстанга ноябрда келет.

Түрк компаниясы мындан тышкары мөмө-жемиштерди кайра иштетүү жана өстүрүү үчүн жабдууларды орнотууга даяр.

XS
SM
MD
LG