Ссылки доступа

Өкмөт чек арада чыгашага учурап жаткандарга колдоо көрсөтөт


Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы абалдан улам зыян тартып жаткан жергиликтүү бизнес өкүлдөрүн колдоого багытталган токтом кабыл алды. Бул тууралуу 30-октябрда премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Документке ылайык, чек арадагы абалдан улам чыгым тартып жаткан ишкерлер менен жүк ташуучулар үчүн салык карыздарын төлөө мөөнөтү жылдырылып, алардын кошумча пайыздары менен туумдары эсептелбейт.

Кыргызстан чек арадагы абал үчүн Казакстанды айыптоодо. Андагы узун кезек күтүүлөр 10-октябрда, казак бийлиги көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги текшерүүнү күчөткөндөн кийин жаралган. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президентине, бийлигине карата айткан сынынан кийин болгон.

Казакстандын аткаминерлери чек арадагы абалда саясаттын жок экенин билдирип келишет. Эки тарап тең ЕАЭБдин мүчөсү болуп эсептелет. Булардан тышкары биримдикке Орусия, Беларус жана Армения мүчө.

Очереди на границе Казахстана с Кыргызстаном
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

XS
SM
MD
LG