Ссылки доступа

Тажикстанда жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусу көп катталууда


Тажикстан ИИМи акыркы 9 айдын ичинде ата-энелер жашы жете элек кыздарын күйөөгө берген 41 окуя катталганын маалымдады. Былтыркы жылдын статистикасына салыштырмалуу бул 3% көп.

Маалыматтарга караганда, жаш кыздардын никеге турган учурлары эң көп Согди жана Хатлон облустарында катталып, ата-энелери жоопкерчиликке тартылышкан. Мыйзам бузгандар 2 жыл түзөтүү жумуштарына тартылат же 6 айга чейин түрмөгө кесилишет.

Восей районун тургуну Дилафруз Саидова 16 жаштагы кызын турмушка узаткан. Ал бул кадамга үй-бүлөдөгү оор жагдайдан улам барганын айткан.

«Кызым коңшубуздун баласын сүйүп калганын угуп, элдер ушак таратышпасын дедим. Менин кызым 16 жашта эле, бирок мектепке барчу эмес. Мен сотко кайрылып, кызымды күйөөгө берүүгө уруксат сурадым, бирок макулдук ала алган жокмун. Ага карабай эле үйлөнүү үлпөтүн өткөрдүк», - деди Дилафруз. Ал учурда тергөөдө сурак берүүдө.

Тажикстанда акыркы убактарда расмий никеге туруу талаптары катаалдаштырылды. 2010-жылдан тарта никеге 18 жаштан баштап турууга уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG