Ссылки доступа

Дүйнөлүк ММКларга баяндама: Манафорт багынды, каталониялык лидерлер качты


Урматтуу өнөктөштөр! Силерге "Басма сөзгө баяндама" аттуу жаңы рубриканы сунуштайбыз. Бул жерде дүйнөлүк басылмалардын башкы макалалары менен тааныша аласыңар. Мындай формат силерди кызыктырабы? Эгер жакса, силер үчүн анын жумасына канча жолу чыгып турганы ылайыктуу?

АКШ президентинин шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт федералдык бийликке багынып бергенден кийин Дональд Трамптын компаниясынын мурдагы кеңешчиси Жорж Пападополус Кремлге жакын орус жарандары менен байланышта болгондугу боюнча жалган көрсөтмө бергенин моюнуна алды. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды. Жорж Пападопулос АКШнын 1001-кодексинин 18-беренесин бузуу менен ФБР агенттерине жалган билдирүү жасаганын айтты.

Трамптын компаниясынын мурдагы кеңешчиси өткөн жылы жазында аты аталбаган профессордун ортомчулугу менен өзүн «Владимир Путиндин жээни» деп тааныштырган орус жараны менен жолуккан. Washington Post басылмасы ал профессордун Жозеф Мифсуд экенин билдирген. Пападопулостун айтымында, профессор Орусияда Хиллари Клинтон тууралуу «жаман» маалыматтар — «миңдеген электрондук каттар» бар экенин айткан, деп жазат The Guardian. Жорж Пападопулос «Орусия менен Дональд Трамптын компаниясынын ортосундагы байланыш тууралуу» атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүнүн алкагында айып тагылган үчүнчү аткаминер болуп калды.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон «терроризмге каршы күрөшүү» тууралуу «талаштуу мыйзамга» кол койду. Ал шаршемби күнү өзгөчө абал режиминин аякташы менен күчүнө кирет. Бул тууралуу Frankfurter Rundschau басылмасы жазды. Францияда өзгөчө абал режими 2017-жылдын 1-ноябрында алынат. Өлкө башчысы Елисей сарайында документке кол коюп жатып, «мыйзам жарандардын коопсуздугун мындан ары ишенимдүү камсыздоого мүмкүндүк түзөрүн» айтты. Францияда 2015-жылдын 13-ноябрындагы теракттардан кийин мурдагы президент Франсуа Олланддын сунушу менен киргизилген өзгөчө абал режими дээрлик эки жылдан бери иштеп келет.

New York Times «Терең реформаларды убадалаган Си Цзиньпиндин Apple жана Facebook жетекчилери менен жолугушуусу» деген макаласын жарыялады. Анда Элдик чогулуш үйүнө өлкөнүн таасирдүү бизнесмендери менен катар Apple компаниясынын башчысы Тим Кук, Blackstone Group компаниясынын жетекчиси Стивен Шварцман жана Facebook негиздөөчүсү Марк Цукербергди чакырган Си Цзиньпин глобалдашуу, инновация жана Кытай менен АКШнын ортосундагы экономикалык мамилелер тууралуу сөз сүйлөгөнү баяндалат. Кытайдын Коммунисттик партиясы төрага Си Цзиньпиндин ысымын жана идеяларын партиянын жаңыланган уставына киргизип, анын деңгээлин түрүү кезинде эле кытайдын тарыхый инсандары – Мао Цзэдун менен Дэн Сяопиндин макамына чейин көтөргөндөн кийин алгач ирет эл алдына чыгып сүйлөдү, деп белгиледи гезит. New York Times бул иш-чара АКШ президенти Дональд Трамптын Пекинге белгиленген сапарына бир апта калганда болгонун жана “Кытайдын АКШ менен тең ата экономикалык супердержава экенин” ишара кылганын жазды.

Испан бийлиги Каталониянын көз карандысыздыгын жактаган лидерлерге кылмыш ишин козгогондон кийин Каталония башчысы Карлес Пучдемон жана жогорку кызматтагы беш аткаминер аймактан чыгып кетти, деп жазды Еl Pais. Пучдемон жана мурдагы министрлер алгач унаа менен Марселге барып, андан ары Брюсселге учуп кетишти. Washington Post аймактын көз карандысыздыгы үчүн добуш берген каталониялыктар «Карлес Пучдемон Мадрид менен болгон жаңжалда саясий эрктүүлүгүн көрсөтө алган жок», деп жатышканын жазды. Басылманын пикиринде, каталониялык саясатчылар негизинен Пучдемон качып кеткенден кийин 21-декабрда жаңы аймактык шайлоо өткөрүү боюнча Мадриддин пландарына макул болушууда.

XS
SM
MD
LG