Ссылки доступа

Өлкөдө чек ара аймагына кирүүгө уруксат берүү маселеси үч күн аралыгында каралат


Кыргыз өкмөтү өлкө жарандарына чек арага жакын аймактарга кирүү жана жүрүү үчүн уруксат берүүнү кароо мөөнөтүн кыскартты.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, премьер-министр Сапар Исаков жарандар жана уюмдардын чарбалык же башка иштер менен чек арага жакын аймактарга кирүүсүнө жана жүрүүсүнө уруксат берүү процедураларын жеңилдетүү токтомуна кол койду.

Маалыматтарга караганда, жарандар өтүнүч жана керектүү документтерди тиешелүү органдарга тапшыргандан кийин үч күн аралыгында уруксат берилет. Буга чейин бул мөөнөт тогуз күнгө созулуп келген.

Жарандар чек арага жакын аймакка кирүү үчүн каттоо органдарына кайрылат. Документ Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан бир жумушчу күн аралыгында текшерилет жана кайра каттоо органдарына жөнөтүлүп, уруксат берүү же баш тартуу чечими чыгат.

Жарандар уруксат кагаздарын жана алардын көчүрмөсүн жакынкы чек ара бөлүктөрүнө же тозотторуна көрсөтүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG