Учурда бир жарым миллиондон ашык киши жашаган эки шаарды акыркы жолу жыйырма жыл мурда оңдолгон эки тилкелүү эски жол бириктирип турат. Анын боюнда жашаган жергиликтүү тургундар жолдун сапатына даттанып келишет. "Автоунааларды эки-үч ай сайын оңдоп турууга туура келүүдө. Мунун баары жолдун начардыгынан", – деди Абдурахмон аттуу жергиликтүү тургун.
Тажик бийлиги эки калааны байланыштырчу жаңы жолдун курулушу жакынкы убактарда башталарын билдирүүдө. Долбоорго Азия өнүктүрүү банкы жеңилдетилген насыя жана грант катары 65 миллион доллардан ашык каражат бөлдү. Бул жол курулушуна талап кылынган сумманын үчтөн экисин түзөт. Калган каражат өлкө өкмөтү, OPEC таза энергия кору жана жапон өкмөттүк долбоору тарабынан бөлүнөт.
Азия өнүктүрүү банкынын Тажикстандагы өкүлчүлүгү кең жана сапаттуу трасса өлкөнүн эки ири шаарынын ортосундагы товар алмашууну жана жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүп, экономикалык өсүштөргө түрткү болорун билдиришүүдө. Андан тышкары жаңы жолдун Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы транспорттук коридордун бир бөлүгү болору айтылууда.
"Жолду хайвей энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бул ишке биз «Таза энергия» корун дагы тарттык. Жол күн панелдери аркылуу жарыктандырылат. Андан тышкары көптөгөн заманбап коопсуздук ыкмаларын киргизип жатабыз. Бул өтө инновациялык долбоор», — деп билдиришти банк өкүлчүлүгүнөн.