Ссылки доступа

КМШ өкмөт башчылары Ташкентте жыйынга чогулат


Жыйынга катышуу үчүн премьер-министр Сапар Исаков баштаган кыргызстандык делегация Өзбекстанга бүгүн барат. Өзбек бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар болот. 3-ноябрда Исаков КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышат.

Өзбекстандын маалымат каражаттары Ташкент биринчи жолу КМШнын өкмөт башчыларынын саммитин өткөргөнү турганын жазышты. Саммитке Кыргызстан, Өзбекстандан тышкары Армения, Казакстан, Беларус, Орусия, Тажикстандын премьер-министрлери, КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев келерин ырасташкан.

Азербайжан жана Түркмөнстандын вице-премьер-министрлери, Молдованын өкүлдөрү да катышары айтылды. Делегация башчыларын Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кабыл алат. Ташкенттеги жыйындын күн тартибинде 18 документ бар. Анда соода-экономикалык, эркин соода, мунай, газ, машине курууну өнүктүрүү, жер мелиорациясы, бажы көзөмөлү талкууланат.

Маалыматка караганда, саммит алкагында бир катар делегациялардын эки тараптуу жолугушуулары белгиленген. Кыргыз-казак премьерлери чек арадагы кырдаал боюнча сүйлөшөбү, жокпу азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG