Ссылки доступа

Мөңгүдөн алтын казууга уруксат берген мыйзам үчүнчү окууда колдоо тапты


Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Аталган комитетте депутаттарга вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасап, Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан, аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштады.

Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Экологдор Кумтөрдөгү ар кыл жардыруулар, муздарды бир орундан экинчи жайга көчүрүү мөңгүлөрдүн эришин тездеткенин билдирип келишет. Чет элдик компания мөңгүнүн эришин жаратылыштагы өзгөрүүлөр менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG