Ссылки доступа

«Түркмөнстан хроникасынын» редакторунун апасынын батирине таш ыргытышты


29-октябрга оогон түнү белгисиз адамдар Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси уюмунун башчысы жана «Түркмөнстан хроникасы» сайтынын редактору Фарид Тухбатуллиндин апасы Халида Избастинованын батирине таштарды ыргытып кетишти.

«Түркмөнстан хроникасы» басылмасынан билдиришкендей, батирдин айнектери талкаланып, Халида Исбастинованын өзү жабыркаган эмес. Чакыруу менен барган милиция кызматкерлери балкондон бир топ таштарды табышкан.

Андан бир күн мурда, 28-октябрда Исбастиновнын телефонун өчүрүп салышкан жана азыркыга чейин аны менен байланыш жок. 40 жыл бою мектепте тарых сабагынан мугалим болуп иштеген Тухбатуллиндин апасы учурда 76 жашта.

«Түркмөнстан хроникасынын» редакциясы окуя Фарид Тухбатуллиндин укук коргоочулук жана журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштуу деп эсептөөдө. Быйыл укук коргоочу Наталия Шабунц менен «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын журналисти Солтан Ачилова кол салууга кабылышкан.

Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси бул боюнча эл аралык укук коргоо уюмдарына кабарлап, окуянын дыкаттык менен иликтенишин талап кылды.

XS
SM
MD
LG