Ссылки доступа

Дүйнөлүк басылмага баяндама: Саипов ким жана эмнеге теракты ал жасады?


Нью-Йорктогу кол салуу – Борбор Азия терроризмдин очогуна айланып баратканын көрсөтүүдө деп жазат The Wall Street Journal. Le Monde Нью-Йоркто болгон окуя – бул Өзбекстан бийлигинин диний саясаттагы мүчүлүштүгү деп эсептейт. Reuters Саиповду жакшы жашоо үчүн өлкөсүн таштап кеткен "унутулган муун" деп атады. Дональд Трамп “грин карта” виза программасын чукул арада токтотуу зарылдыгын билдирди.

Нью-Йорктогу кол салуу «Борбор Азиянын терроризмдин очогуна айланып баратканын» көрсөтүүдө, деп жазат The Wall Street Journal. 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Сайфулло Саиповдун Нью-Йорктогу чабуулунан сегиз киши мерт болуп, ондогон адам жаракат алган. Басылма «Борбор Азиянын жихадчыларга таасирленген жаштары начар экономика жана саясий эркиндиктин аздыгынан улам радикализмге берилип жаткандыктарын» белгилеген. Ал ортодо Reuters Саиповду жакшы жашоо үчүн өлкөсүн таштап кеткен «унутулган муун» деп атады. Агенттик анын «тиешелүү деңгээлде диний билим албаганын жана Батышка көнүшүп кетпегенин» белгилеген".

USA Today басылмасы ушул жылдын апрелинде Өзбекстандын жаранынын Стокгольмдогу кол салуусунан төрт киши мерт болуп,15и жаракат алганын эске салды. Жаңы жылдын алдында куралчан өзбекстандык Стамбулдагы түнкү клубда 39 адамды өлтүргөн. Жазында этникалык өзбек Санкт-Петербург метросунда жардыруу уюштуруп, 15 киши мерт болгон.

«Нью-Йоркто болгон окуя – бул Өзбекстан бийлигинин диний саясаттагы мүчүлүштүгү», деп эсептейт Le Monde. Басылма Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү — Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Казакстандагы экономикалык көйгөйлөр менен коррупция жаштарды Орусияга иш издеп кетүүгө же террористтик жана экстремисттик топторго кошулууга мажбурлап жатканын жазды.

Саиповдун Нью-Жерси штатынын Петтерсон шаарындагы үйүнөн алыс эмес жерде Омар мечити жайгашкан. Бирок Саиповдун ал мечитте намаз окуган-окубагандыгы боюнча эки ача маалыматтар келүүдө. Айрым коңшулары анын мечитке барып турганын айтса, мечитте дайыма намаз окугандар Саиповду анда эч канча көрбөгөндүктөрүн билдиришүүдө, деп жазды The Guardian басылмасы.

CBS News телеканалы жашыруун булактарына шилтеме берүү менен ооруканадагы сурак учурунда Саипов Манхэттендеги кол салуу учурунда качып кетүүгө үлгүргөндө, кол салуусун улантып, көп кишилерди өлтүрө бермектинин айтканын маалымдады.

Бул арада Дональд Трамп Манхеттендеги чабуул тууралуу комментарийинде кылмыш адилеттүүлүгү боюнча америкалык системаны айыптап, аны “азил жана шылдың” деп атап, “бул малды” Гуантанамодогу аскер түрмөсүнө жөнөтүүгө даяр экенин кошумчалады, деп жазды New York Times.

"Нью-Йорктогу террорист ооруканадагы палатасына ИМ тобунун желегин илүүнү сураган маалда кубанган. Ал сегиз кишини өлтүрдү, 12 киши катуу жаракат алды. АНЫ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ТАРТУУ КЕРЕК!" — деп жазды Акүйдүн башчысы Twitter барагына.

Дональд Трамп “грин карта” виза программасын чукул арада токтотуу зарылдыгын билдирди. Santa Monica Observer маалымдагандай, Сайфулло Саипов грин-картаны утуп алып, 2010-жылдан бери АКШда жашап жүргөн. New York Times Сайфулло Саипов Кошмо Штаттарга келгенден кийин атасынын АКШдагы досунун түндүк-чыгыш Цинциннатиге жакын жердеги үйүндө жашап жүргөн. "Ал консулдукта каттоого туруу боюнча Өзбекстан өкмөтүнүн талабын укпай койгон. Анын мекенине кайтуу боюнча пландары болгон эмес," деп жазды басылма.

XS
SM
MD
LG