Ссылки доступа

Кремль Навальныйдын митингдерине тыюу салууга тиешеси жоктугун билдирди


Кремль Орусия президентинин администрациясы митингдерге уруксат берүү же тыюу салууга тиешеси жок экенин маалымдады. “Бул биздин артыкчылыктуу укугубуз эмес”,– деди "Дождь" телеканалына президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Бул тууралуу ал Алексей Навальныйдын Владимир Путинди сотко берүү ниетине комментарий берип жатып айтты. Оппозиционер Орусиянын ондогон шаарларынын жергиликтүү бийликтери Кремлдин көрсөтмөсү боюнча тарапташтары менен жолуктурууга уруксат бербей жатат деп эсептейт.

Навальный 2018-жылы президенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Акыркы айларда оппозиционер өлкө боюнча үгүт сапарын өткөрүүдө. Бирок көптөгөн шаарларда анын митингдерине тыюу салынууда. Ыктыярчылар жана Навальныйдын штабынын кызматкерлери бийликтин кысымына, опузасына жана кол салуусуна кабылууда. Ага карабай оппозиционер шайлоо алдындагы кампаниясын улантууда.

XS
SM
MD
LG