Ссылки доступа

Нью-Йорктогу теракт үчүн жоопкерчиликти ИМ тобу өзүнө алды


Нью-Йорктогу теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды. Бул тууралуу Reuters радикалдуу исламисттер көзөмөлдөгөн басылмага таянып  маалымдады.

Басылма сегиз кишини тебелетип кеткен Сайфулло Саиповду “халифаттын жоокери” деп атады.

АКШ соту Саиповго киши өлтүрүү жана террордук топту материалдык жактан колдоо боюнча айып таккан. Полиция маалымдагандай, кол салуучунун автоунаасынан “Ислам мамлекети” тобуна жазган анты табылган.

Нью-Йорк мэри Билл де Блази теракты “бейкүнөө кишилерге жүзү каралык менен кол салуу” деп атады. Америкалык мыйзам чыгаруучулар Акүйдөн Сайфулло Саиповду АКШнын Гуантанамодогу аскер түрмөсүнө жөнөтүүнү сурашууда.

XS
SM
MD
LG