Ссылки доступа

Кыргызстан Бозумчакты иштеткен казак компаниясына кайра уруксат берди


Кыргызстан Ала-Букадагы Бозумчак кенин иштетүүгө кайрадан уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рыспек Токтоналиев билдирди:

- Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция Бозумчак кенинде эреже бузуулар бар экенин аныктаган. Алар негизинен экология багытында табылыптыр. Арча бактарын кыйып салышыптыр. Бул үчүн Экотехинспекция 10 миң доллар айып салган экен. Ошол эреже бузууларды жоюу үчүн биз алардын лицензиясын үч айга убактылуу токтоттук 1-ноябрдан баштап. Бирок кечээ бизге Экотехинспекциядан кат келди. “Казминералс” компаниясы бардык мыйзам бузууларды жойду, айыппулду төлөдү деген. Ошондуктан бүгүн Кен казуу тармагын лицензиялоо комиссиясы алардын лицензиясын кайта жандандырып,“Казминералс” компаниясына ишин улантууга уруксат берүү чечимин кабыл алды.

Казакстандын “Казминералс” компаниясы кыргыз өкмөтү Ала-Букадагы Бозумчак кенин белгисиз себептерден улам үч айга токтотконун бейшембиде билдирген. “Kазминералс" шахта бардык шарттарга жооп берерин жана ушул тапта тиешелүү тараптар менен кендеги ишти улантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.

Бул компания Казакстанда бир катар жез кендерин жана Жалал-Абаддагы Бозумчакты да иштетет. Жарыяланган маалыматтарга ылайык, Бозумчакта 7000 тоннадай жез, бир тоннадан ашыгыраак (38 миң унций) алтын өндүрүлгөн.

Бозумчак жез кенин “Казминералс” компаниясы 2014-жылдан тарта иштете баштаган.

XS
SM
MD
LG