Ссылки доступа

Сапар Исаков КМШ жыйынында чек арадагы абалды айтты


Кыргызстан өзүнө тиешелүү милдеттемелерди аткарып бүткөнүнө карабай КМШ өлкөлөрүнүн арасында эркин соода болбой жатат, буга кыргыз-казак чек арасындагы абал далил. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Ташкентте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында айтты.

Кеңири курамдагы жыйында сөз алган Исаков кыргыз-казак чек арасында эркин соода боюнча КМШ, ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюму милдеттемелерине карабай Казакстан жасалма тосмону коюп жатат деп, учурда оор жүк ташуучу унаалар чек арадан өтө албай токтоп калганын билдирди.

- Ар бир оор жүк ташуучу автоунаа 5 суткадан кийин өтүп жатат. Буга Казакстан ар кандай өз аргументтерин келтирүүдө. Анын бири катары абалды Казакстан аткезчиликке шылтап жатат. Бирок айыл чарба жана сүт азыктары кантип контрабанда болушу мүмкүн? Эми казак тарап темир жолдогу вагондорду текшерүүнү күчөттү, ошондо биздин бардык товар контрабанда болуп калдыбы? – деген суроону Исаков жалпы отурган өкмөт башчыларга узатты.

Ташкенттеги КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынындагы күн тартибинде эркин соода жүгүртүүгө багытталган маселе алгачкы болуп каралууда. Жалпысынан өкмөт башчылар экономика, транспорт, бажы, соода жаатында 19 маселени карап, документтерди кабыл алары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG