Ссылки доступа

Сириянын өкмөттүк аскерлери Дейр-эз-Зор шаарын толук алышты


Сириянын өкмөттүк аскерлери менен союздаштары Дэйр-эз-Зор шаарын толугу менен өз көзөмөлүнө алышты. Бул тууралуу Адам укуктарына байкоо салуу боюнча сириялык борбордун маалыматына таянып Reuters агенттиги билдирди.

Дэйр-эз-Зор «Ислам мамлекети» террордук тобунун көзөмөлүндө болуп келген Сириядагы жалгыз шаар болгон.

Азырынча бул маалыматты Сирия өкмөтү ырастаган жок. Reuters өкмөттүк армиядагы булактарына шилтеме кылуу менен шаарда исламчылардын анча чоң эмес бытыранды топтору калганын билдирүүдө.

Өкмөттүк күчтөдүн Дейр-эз-Зорго чабуулу 18-октябрда башталган. Шаар 2014-жылдан бери «Ислам мамлекетинин» көзөмөлүндө болуп келген.

Сирияда радикал ислам топторуна каршы күрөштү АКШ башында турган эл аралык коалиция жүргүзүүдө. Ал Сириянын демократиялык оппозиялык күчтөрүн колдойт. Орусия Сириядагы аскердик компаниясын 2015-жылы 30-сентябрда баштаган. Коалиция бир канча жолу Москваны Сирия президенти Башар Асадды колдоого айыптаган. Батыш өлкөлөрү Асад өз өлкөсүндө жапырт түрдө адам укуктарын бузуп жатканын билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG