Ссылки доступа

Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында 450 чакырым электр линиясын курат


Кыргызстан CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу үчүн “Датка” көмөк чордонунан Тажикстандын чек арасына чейин 450 чакырым электр  линиясын курат. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясы билдирүүдө.

Долбоор боюнча 500 кВ алмашма ток линиясы “Датка” көмөк чордонунан “Худжент” көмөк чордонуна чейин салынат. Электр кубатын өткөрүү линиясы андан ары Ооганстан аймагы аркылуу Пакистанга чейин уланат.

CASA-1000 жай мезгилинде Кыргызстан менен Тажикстандан электр кубатын Пакистан жана Ооганстанга экспорттоого жол ачат. Долбоордун жалпы суммасы – 1 миллиард доллар, анын ичинен 233 миллион доллары түздөн-түз Кыргызстанга жумшалат.

Каражатты CASA-1000 долбоорунун алкагында электр кубатын экспорттоодон түшкөн акчанын эсебинен кайтаруу пландалган. 2016-жылы 12-майда Тажикстандын Турсунзаде шаарында CASA-1000 долбоору расмий түрдө ачылган.

Кыргызстан электр линиясын 2018-жылы баштап, эки жыл аралыгында бүткөрүүнү көздөөдө.

XS
SM
MD
LG