Ссылки доступа

Бабанов: Мага ойдон чыгарылган кылмыш иши козголду


Парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов өзүнө карата кылмыш ишинин козголушу боюнча билдирүү таратты. Анын жазуу түрүндөгү билдирүүсүн "Азаттык" радиосуна кеңешчиси Мирсултан Намазалиев берди. Анда депутат өзүнө жалган жалаанын негизинде иш козголгонун айткан.

- Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясий кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мага ушундай өзүмбилемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык эртеби-кечпи белгилүү болот. Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм. Бийлик куру саясат менен эмес, элибиздин турмушун жакшырта турган реформаларды жүргүзүү менен алектениши зарыл. Ар бир адилетсиз иш аягы жакшы бүтпөйт, - деген Бабанов эски каталарды кайталабай, адилеттүү болууга бийликти чакырган.

"Болбосо өлкөдө көп жылдар бою биз кутулууга аракет кылып келген автократия кайрадан орнойт", - деп белгилеген.

Башкы прокуратура бүгүн "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат жана 15-октябрдагы президенттик шайлоодо утулуп калган талапкер Өмүрбек Бабанов менен башка адамдарга да Кылмыш Кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-беренесинин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча иш козголгонун жарыялаган.

Башкы көзөмөл органы Бабанов менен кошо дагы кимдерге иш козголгонун кабарлаган жок. Укук коргоо органдары Бабановдун кайсы жерде экени жана кармалдыбы же жокпу деген маалыматтарды да ачык айта элек. Айрым маалыматтар боюнча Бабанов учурда өлкө сыртында жүрөт.

XS
SM
MD
LG