Күбөлөрдүн айтымында, окуя окуу жайдын короосунда болгон. Бычак жеген студент жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жигиттер көптөн бери чырдашып жүрүшкөн:
– Сабактан кийин алар жекеме-жеке мушташуу үчүн колледждин короосуна чыгышты. Калгандары карап турушту. Балдар мушташып жаткан маалда Султан бычагын сууруп чыгып, Улугбекти курсакка сайып жиберип качып кетти. Биз “тез жардам” чакырдык, –деди күбө.
Колледждин мугалимдеринин бири бул окуяны тастыктады:
– Окуучубуз Султан Газиевдин тарбиясы начар болчу. Буга чейин ага арыздар түшкөн. Биз бул боюнча тилкелик инспекторго кайрылганбыз. Султандын атасы түрмөдө. Апасына анын жоболоңдуу экенин айтканбыз. Колледжге кирерде баардык окуучулар текшерүүдөн өтөт, бычакты кайдан алганы белгисиз, – деди колледждин мугалими.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.
Өзбекстан колледждеринде студенттердин бири-бирине бычак менен кол салуусу көп катталууда.