Ссылки доступа

Москвада революция тууралуу билдирүүдөн кийин 400дөй киши кармалды


Орусияда тыюу салынган "Артподготовка" кыймылынын акциясына катышты деген айып менен 400дөй киши кармалды. Акыркы маалыматтар боюнча Москвада 376, Санкт-Петербургда – 13 адам полициянын колуна түштү. Краснодар, Красноярск, Перм, Ростов-на-Дону, Саратов жана Омскто дагы кармалгандар бар.

Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары кармалгандардын жанынан бычак жана кастеттер табылганын жазышууда. Бирок бул кабарды көз карандысыз булактар тастыкташкан жок. Ошол эле маалда Москвада акцияга тиешеси жок адамдардын дагы кармалганы кабарланууда. Айрым активисттер терроризмге жана жапырт баш аламандыкка чакыруу иши боюнча суракка алынышууда.

Оппозиционер Вячеслав Мальцев 2017-жылдын 5-ноябрын “Жаңы тарыхый доордун” башталышы деп атап, өзүнүн "Артподготовка" аттуу YouTube каналы аркылуу тарапташтарын 5-ноябрда Орусиянын шаарларында акцияга чыгууга үндөгөн. Ал ошондой эле элди орус президенти Путин бийликтен кетмейинче тарабай турууга чакырган.

Москва борборунда кармалгандар, 5-ноябрь 2017
Москва борборунда кармалгандар, 5-ноябрь 2017

Задержания на Манежной
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Буга чейин Москва, Санкт-Петербург, Красноярск шаарларындагы акцияларда Мальцевдин тарапташтары кармалганы, тинтүүлөр жүргөнү кабарланган. ФСБ "Артподготовканын" активисттери административдик имараттарды өрттөп, полиция бөлүмдөрүнө кол салууга даярданышкан деген маалымат таркатууда

Мальцев июнда Орусиядан чыгып кеткен, анын "Артподготовка" кыймылын сот экстремисттик деп тапкан.

XS
SM
MD
LG