Ссылки доступа

Өзбекстанда журналисттин иши боюнча оппозициячыл активист айыпталууда


Өзбекстанда оппозициялык «Эрк» партиясынын активисти Ислам Холбой 27-сентябрда Ташкентте кармалган көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаевдин иши боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгелүү тобунун төрагасы Сурат Икрамов билдирди.

Маалыматка караганда, учурда журналисттин иши боюнча дагы үч киши камакта кармалууда. Абдуллаевге үч адвокатынын бирөөсү менен дагы жолугушууга мүмкүндүк берилген эмес.

– Ал өзү азыр Түркияда жашайт. Бухарадагы үй-бүлөсүнө коопсуздук кызматкерлери келип кетишиптир. Биз бул иш боюнча айыпталгандардын көбөйүп жатканына тынчсыздануудабыз. Менимче мында Мухаммад Салихти негизги күнөөкөр кылууну каалап жатышат, – деди Сурат Икрамов.

Ислам Холбой туугандарынын Бухарадагы үйүнө атайын кызматтын өкүлдөрү барганын ырастап, мекенинде өзүнө издөө жарыяланганын билдирди.

– Досторумдун айтымында, бардык жерде менин сүрөттөрүм илиниптир. Айыптоолор Бобомурод Абдуллаевдин ишине байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени буга чейин мен «Усман Хакназаров деген ким?» деп аталган макала жарыялагам. Мен Бобомурод менен таанышмын, акыркы 3-4 жылдан бери сүйлөшүп келебиз. Мага карата айыптоолордун себеби — жазган макалам болушу мүмкүн. Анда тыюу салынган эч нерсе жок. Өлкөдө абал начар болгондуктан, жашыруун ысым менен жазган, – деди ал.

Абдуллаев сентябрдын аягынан бери Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында камакта жатат. Ага карата бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү кулатуу максатында кутум уюштуруу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ал 2003-жылдан бери интернетке саясат таануучу Усман Хакназаров деген жашыруун ат менен макалаларды жарыялап келген деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG