Ссылки доступа

Түркмөнстанда банкоматтардан алууга уруксат берилген сумма эки эсеге азайтылды


Түркмөнстан банктары жарандарга чет өлкөдөгү банкоматтардан алууга уруксат берилген сумманы эки эсеге азайтышты. Эми өлкө сыртында жүргөн жарандар күнүнө 50 гана доллардан ала алышат. Жаңы эрежелерге ылайык, накталай эмес эсептешүү боюнча чектөө суткасына 200 долларды түзөт.

Өлкө бийлиги банк карталарын пайдалануудагы жаңы эрежелерди чет өлкөдөгү жарадардын суткалык чыгымдарын эске алып, алардын каражатты максатсыз пайдалануусун алдын алуу чаралары менен түшүндүрүүдө.

Жаңы эреже боюнча түркмөн жарандары пластикалык карталарда пайдалануу үчүн эсептерин мурдагыдай эле каалаган суммага толтура алышат.

Ошол эле маалда анда «төлөө системалары аркылуу акча которуу менен мейманканаларда, ооруканаларда жана окуу жайларда эсептешүү, ошондой эле авиа жана темир жол билеттерин сатып алуу» мүмкүндүктөрү каралган.

Түркмөнстанда накталай валюта алмаштырууга 2016-жылдын башынан бери тыюу салынган. Буга байланыштуу өлкө жашоочулары үчүн акчаны пластикалык карталардан АКШ доллары менен алуу — расмий акча алмаштыруунун жалгыз жолу болуп келет.

XS
SM
MD
LG