Ссылки доступа

Тажикстан кайрадан Өзбекстандан газ сатып алууга ниеттенүүдө


Душанбе менен Ташкент кайрадан Тажикстанга өзбек газын жеткирүүнү калыбына келтирүү маселесин талкуулап жатышат. Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында өзбек тарап ар бир миң куб метр көгүлтүр отун үчүн 150 АКШ долларына жакын каражат сурады.

«Тажиктрансгаз» ишканасынын башкы эсепчиси Олимжон Рахимов тажик тарап айдын аягына чейин бул бааны карап чыгып, ата мекендик өнөр жай ишканаларынын газга болгон муктаждыгын аныктай турганын билдирди.

Анын айтымында, эгер келишимдин бардык пункттары макулдашылса, өзбек тарап документке декабрда Ташкентте кол коюуну сунуштады. Буга чейин тажик газ бөлүштүрүү компаниясы алгач өнөр жай ишкалары үчүн жылына 350 млн куб метрден 800 млн куб метрге чейин газ сатып алууга кудуреттүү экенин билдирген.

Өзбекстан Орусия менен Кытайга экспорт көлөмүн көбөйтүп жаткандыгын билдирип, 2012-жылдын башынан бери Тажикстанга жаратылыш газын сатпай калган. Буга байланыштуу тажик бийлиги өлкөнүн көптөгөн ири өнөр жай ишканаларын, анын ичинде «Талко» алюминий заводу менен Душанбедеги цемент заводун жаратылыш газынан көмүргө өткөрүүгө аргасыз болгон.

2011-жылы өзбек тарап ар бир миң куб метрин 370 доллардан эсептеп, Тажикстанга 370 миллион куб метрге жакын газ саткан. 2000-жылдарга чейин жыл сайын тажик тарапка 1 миллиард куб метрдин айланасында өзбек газы жеткирилип турган.

Акыркы жылдары Тажикстан газ сатып алуу тууралуу өзбек тарап менен бир канча жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө аракет кылган, бирок Өзбекстандын мурдагы жетекчилери ар дайым сунуштарды четке кагып келишкен.

XS
SM
MD
LG