Ссылки доступа

Ташкентте белгилүү журналист жана окумуштуу кармалды


Ташкентте белгилүү блогер, журналист жана окуутуучу Хаёт Хан Насреддинов кармалды. Маалыматтарга караганда, учурда ал Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында отурат.

Ташкенттик журналист Алексей Волосевич билдиргендей, Хан Насреддинов Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан 20-октябрда кармалган.

– Анын кармалышынын себеби белгисиз. Мындан тышкары атайын кызматтын өкүлдөрү анын адвокаттан баш тартканын айтышты, – деди журналист Алексей Волосевич.

Анын айтымында, Насреддиновдун үй-бүлөсү журналисттер менен байланышууну каалашкан жок. Атайын кызматтын өкүлдөрү аларга кысым көрсөтүп жатышы мүмкүн.

Хаёт Хан Насреддинов бир нече убакыт «Фергана» маалымат агенттиги менен иштешкен. «Фергананын» башкы редактору Даниил Кислов Насреддиновдун кармалганына 15 күн болсо дагы, анын себептери боюнча расмий маалымат бериле элек.

Хаёт Хан Насреддинов Өзбекстанда экономикалык билим алган, экономика илимдеринин доктору. Акыркы убактарда Ташкенттеги мектептердин биринде иштеген. Убагында Насреддинов оппозициялык «Өзбекстандын күнөстүү коалициясынын» мүчөсү болгону үчүн кыйноого кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG